Кыргызстан климаттык түйүнү Бишкектеги Ботаникалык бакчада 22-апрель - Эл аралык жерди коргоо күнүнө карата акция өткөрөт. Маалыматка ылайык, бул күн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо иштеринде көптөгөн адамдарды бириктирет. 15тен ашык өкмөттүк эмес уюмдарды камтыган Климаттык түйүн бул күндү Ботаникалык бакчанын дендрологиялык сейил багынын айланасын тазалап, таштандылардан арылтуу менен өткөрөт. Акциянын уюштуруучулары билдиргендей, бул күнү өтүүчү акциянын программасында бир гана тазалоо иштери болбойт. Анда экологиялык оюндарды өткөрүү, “Күн жылуулугу” деп аталган мастер-класс, “Бөтөлкөнүн экинчи өмүрү”, “Кол көпөлөгү” деп аталган жана башка флешмобдор да уюштурулат. Акцияга катышууга бардык каалоочулар жана Бишкек шаарынын тургундары чакырылат. Иш-чара 20-апрель, ишемби күнү аталган сейил бакта саат 9:00дө башталат.