SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Президентти, деги эле бийликтегилерди ар бир жарандын сындаганына кандай карайсыз?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Биздин мамлекет демократиялык өлкө болгондуктан, ар бир жаран өз укуктарын билет. Анан да баарыбыз эле ар нерсени талкуулап, өз оюбузду ачык билдиребиз. Сөз эркиндиги бар деп таянып, баарын эле сындап калабыз. Ошонубуз туурабы?"
"Бакиев айткандай, сындабаса бийликтегилердин көзүн май басып калат. Сын керек".
"Сын дагы чеги менен болушу керек. Үй-бүлөсүнө, жеке турмушуна кийлигишүү болбойт. Сүрөттөрүн ар кандай, шылдың катары жасаганын туура көрбөйм. Шылдың сөздөрүн азайтуу керек. Жумуш боюнча кемчиликтерин жазып сындаса болот".
"Көпчүлүктө ар кандай сын айтыла берет. Элдин оозуна элек кармай албайсың. Болгону ар ким өз деңгээлинде карап сындап, акыл ченеми жеткен жерге чейин жиликтейт. Кээ бирөө ишинен, кээ бирөө келбетинен, дагы бирөө жеке жашоосунан, кийиминен, сөзүнөн кемчилик таба берет".
"Кийимдерине карата сын-пикирди туура эмес деп ойлойм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.