Депутат Карганбек Самаков Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинин музейинде "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамына арналган атайын бурч жасатып, айыл аксакалдары, музей кызматкерлери менен бирге чакан ачылышын жасаганын бүгүн, 18-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. “Манас” эпосун коргоого алуу, аны пропагандалоо, сактоо жана жайылтуу боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кабыл алынган бул мыйзам менен төгөрөктүн төрт бурчунан келген зыяратчылар менен туристтер кеңири тааныша алышат. Ошону менен бирге эле “Манас” эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОго каттатуу боюнча эмне иш-чаралар бүткөрүлгөнү, эмне деген документтер жөнөтүлгөнү, кандай аракеттер көрүлүп жатканы боюнча да маалыматтар коюлду.