Эртең, 19-апрелде Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн кайрымдуулук концерти болот. Концерт "Балдарга бирге жардам берели!" деп аталат. Иш-чараны "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду уюштурууда. Концерттен түшкөн каражатты Бишкектеги зордуктоодон жана мыкаачылыктан жабыр тарткан балдарга психологиялык, социалдык жана медициналык жактан колдоо иретинде беришет.