Баткен облусунун Исфана шаарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча семинар өткөрүлдү

Баткен облусунун Исфана шаарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагындагы жаштардын арасында адам сатуунун алдын алуу жана болтурбоо максатында жаштар өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери жана дин өкүлдөрү тарабынан жаштарды туура багытка үндөгөн чакырыктар айтылды.

"Мындай иш-чаралар облустун башка аймактарында да улантылат. Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдар аралыгына карата түзүлгөн программасынын алкагында уюштурулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан