Түп-Кеген жолунда карга тыгылып калган эки унаа чыгарылды

Түп-Кеген жолунда карга тыгылып калган эки унаа чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМнын Түп районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Казакбаевдин айтымында, эки унаа 26-октябрь күнү аталган жолдун 72-чакырымында карга тыгылып калган. Бир унаада 1, экинчисинде 3 адам болгон. Алар жакынкы фермалардын бирине жеткирилген.

Бүгүн жолдогу бийиктиги 1,5 метрге жеткен кар тазаланып, эки унаа чыгарылды. Ал эми 4 адам өз үйлөрүнө кетишти”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан