16 жаштагы мектеп окуучусунун төрт студент кыз тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
“Окуяга тиешеси бар делген Э.А., Э.М., А.А., Ш.М. суракка алынды. Анда Э.А. 16 жаштагы И.Дны байкабай бетке бир жолу чаап алганын айтты. Учурда “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.
Буга чейин интернет колдонуучу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, 16 жаштагы мектеп окуучусун 20-21 жаштардагы Алтынай, Мээрим, Айгерим, Малика аттуу студент кыздар сабап салышканын жазган.