Бүгүн, 28-октябрда "Кутмандуу жерим", "Кантың бар", "Ушундай беле бешене?" жана башка белгилүү ырлардын аткаруучусу, ырчы Кутман Жолдошев эр ортону 50 жашын белгилеп жатат. Ырчыны куттуктап, өздүк майрамын кандай белгилеп жатканын билүү үчүн байланышка чыктык.
"Каалоо-тилектер үчүн рахмат! Азыр үй-бүлөм менен бүгүнкү майрамды чакан белгилеп коюу үчүн тамактануучу жайга чогулдук. Маанай эң сонун. Бул жерден чыгып, Улуттук филармонияга репетицияга барам. Быйыл филармониянын 80 жылдыгына карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Ал жакта туулган күндү белгилөөгө убакыт жок, аз эле убакыт калгандыктан, кечки саат 6дан баштап түнкү 12ге чейин репетиция болот", - деди ырчы.
Белгилей кетсек, ырчы Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
28-октябрдын жылнаамасы.