КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү "Бир бол" фракциясынан баштады. "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун иш бөлмөсүнөн чыккан соң "Кыргызстандын" жаңы лидери Алмазбек Баатырбеков кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын катчылыгынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы чыгып, артынан өкмөт отставкага кетти. Алдыда жаңы коалиция түзүү, андан кийин өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекитүү милдети турат. Коалиция түзүү укугун президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына берген. Андыктан сүйлөшүүлөр КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун демилгеси астында жүрөт. Коалицияга кирүүгө Өмүрбек Бабанов башында турган "Республика-Ата Журт" фракциясында мүмкүнчүлүк көп.