Бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинин жарым финалына кыргыз спортчулары чыкпай калышты

Бишкекте өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинде Каныбек Сагынбаев орусиялык Ильдар Вахитов менен бильярд столунда күч сынашып, 7:5 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда SUPER.KG порталына Каныбек Сагынбаевдин машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев билдирди.

Ал эми кийинки тайпада казакстандык Алихан Каранеев менен орусиялык Леонид Швыряев жарым финалга чыгып, атаандаштарын күтүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын атынан катышкан 22 спортчунун ичинен 21 спортчу жеңилүү ызасын тартып, оюндан четтетилген. Маалым болгондой, бильярд спорту боюнча Дүйнө биринчилигинде 17 өлкөнүн спортчулары күч сынашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Asylbek1981
2016-10-28 23:00:57
Кече бироолор ХХХ ХХХ деп жазган эле, ошол туура эле экенда.
+1
kani-esen
2016-10-28 23:32:47
Asylbek1981,не деп жазган эле?
0
palina
2016-10-28 23:41:12
Абдан окунучтуу оз жеринде намысты коргой албай калганы. 22 спортчунун бири да чыкпай калганына ичим ачышты. Балдар иштегиле, машыккыла эмдиги жылы алыш керек дуйно биринчилигин.
+2
chon.alai.
2016-10-29 00:02:18
мен жазган елем сатылып кетбее намыс учун ойно деп каныбек дайыма ушундай кылат ушул учунчу жолу ушундай кылышы.чычтын эми ойнобойле койчу суранч
-2
Turdakun85
2016-10-30 10:44:33
chon.alai.,ушундай караңгылыктан качан кутулабыз арам ойлордон арылсак жакшы болот эле сага айттыбы мен сатылып кеттим деп шар тоголок бирде бирде ылдый бирде өйдө болот тагдыр ташы
-1
Ssamat
2016-10-29 00:44:55
Каныбек коп жолу биринчиликти алып берген кыргыз эли учун ал спорт кыйындан кыйын чыгат тууру жагын тушунсонор жазат десе ар нерсени бир жазбай
-1
Lion.
2016-10-29 00:46:24
Это спорт, это бильярд детка!)) бирде жениш бирде женилуу болот
0
Aksy.24kg
2016-10-29 07:57:30
Саны бар ,сапаты жок!
-1
talant87
2016-10-29 09:16:34
13даштагы бала жакшы ойнодуго жаш болуп туруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан