Бишкек шаарынын Жеке турак жай департаменти тарабынан мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
"Бишкекте Фурманов №1/2 жана №2 дареги боюнча бөлүнгөн жер тилкени муниципалдык аймактын эсебинен кеңейтүү фактысы катталган. Ал жакка 2х6 метр жана 2х5 метр өлчөмүндөгү дубалдар тиешелүү документтерсиз салынган. Ошондой эле Козу-Баглан көчөсүндөгү №39-үйдүн ээси А.Ботоканова тарабынан мыйзамсыз куюлган пайдубал аныкталган. Бул курулуштар сүрдүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.