Тажик айдоочусу оор жүк ташуучу унаасы менен Өтмөк ашуусунан 10 күндөн бери чыга албай жатат

Тажик айдоочусу оор жүк ташуучу унаасы менен Бишкек-Ош жолунан түшүп, Өтмөк ашуусунан чыга албай тыгылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Талас облусунун Талас районунун Өтмөк ашуусунда калган жүк ташуучу автоунаа Тажик Республикасынын жарандарына таандык. Ал Орусия Федерациясынан жүк ташып келе жаткан. ЖЭИ-36 ишканасы тарабынан 1 МАЗ автоунаасы, 1 автогрейдер, 1 кар тазалоочу унаа менен автофургонду чыгарууга аракет жасалды, бирок чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. №36-Жол тейлөө ишканасынын погрузчиги оңдоого коюлган. ӨКМнын Талас райондук бөлүм башчысы, майор Назгүл Сыдыкбекова 22-октябрь күнү жеринде барып, автофургондун жүгүн түшүрүп, андан кийин тартып чыгаруу сунушун айтса, айдоочулары каршы болуп туруп алышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Автофургонду чыгарууга ЖТИ-36 ишканасы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин бир нече жолу аракет жасалганы белгилүү болду. Бүгүнкү күнү андагы жүктү түшүрүүгө айдоочулар жетекчиликке уруксат алуу үчүн телефон чалбай жатышканы кошумчаланды. Ашууда калган жүк ташуучу автоунаанын айдоочуларына ЖТИ-36 ишканасы тарабынан жылуу бөлмө, ысык тамак уюштурулуп берилери айтылган.

Ал эми "Сорбон Аз Транс" экспедитордук компаниясы өзүнүн тыгылган унаасын чыгаруу үчүн 500 доллар жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
tashi62
2016-10-29 13:46:12
тажикстандан келе жатса ичи толо наркотик болсо керек .
-9
PatriotKG01
2016-10-29 15:53:44
tashi62,маани берип окуп чыгыныз.
+3
tolik
2016-10-29 21:12:53
tashi62,ириген ооздон чириген сөз
чыгат.
-2
bektemiroff994
2016-10-29 14:09:06
Жукту тушуртконду каалабаса,значит анын ичинде бир шектуу нерселер бардыр,кыргыздын жеринде болгондон кийин,шектенип карашпайбы,текшеришпейби,азыр канчалаган тажиктер наркотик алып отуп кетип жатышат?!
-7
hihikayu
2016-10-29 14:36:33
500доллар копко деп ойллп жатсам....
-5
dosym
2016-10-29 14:44:43
Эгер контрабанда болсо, таможный кызматы жооп бериш керек, өткөрүп жибергени үчүн
-7
barsa30
2016-10-29 15:20:43
Орустар болгон эчак эле текшеришмек жанын койбой.
-4
edik.toloikon
2016-10-29 15:22:23
ой айланайындар кичине ойлонгулачы наркотикти мынча чоң машине менен ташыбайт))
+13
Juliakalt
2016-10-29 17:23:51
edik.toloikon,Хахаха
-2
Rifle_I
2016-10-29 20:03:28
Опыт бар окшойт ээ ?
-2
modem4999
2016-10-29 15:45:11
Тушурсо жуктон кемип калса кантип жооп берем деп атышса керек да,акырын чыгарып берип жылуу жумшак узатып ийишсе бизге эле жакшы атты болобуз.
-2
jaw.akyn
2016-10-29 15:47:17
Орусияга наркотик ташыбай эле, орусиядан келе жаткан дейт. Орусиядан орустун калган-катканын топтоп койгон тажиктердин буюмдарын доставка кылып ташып келе жаткан шопур болсо кк. Наркотикти ушундай чон камазга жуктобосо кк
+2
Bek-Laden.80
2016-10-29 15:47:55
Россиядан дворниктер двордон тапкан нерселерин жөнөтөт,аны да скотчтоп.Тажиктер эле эмес Кыргыздар да россиядан канча жүк жөнөтөбүз.Жол азабы гөр азабы.Жүктү түшүрбөгөн себеби аманат,ошого түшүрбөсө керек.
+6
simone
2016-10-29 18:31:11
Пейилибизди ондойлу эл-журт, бул да бир мусапырда. Жакшылап жардам берип чыгарып, кыргыздын меймандос, пейили кенен экенибизди коргозойлу.
+8
Kroxa
2016-10-29 20:03:57
Жок ал фирма 500 доллар жоноткон экен элдин жугу болсо эл жонотту дейт эле го фирмасына чалып чыгалбай жатканын айтсын эми жугун тушургонго уруксаат алышса бир нерсе болот да...
0
OMUSHBEK
2016-10-29 20:25:40
Жукто пломба болот,Кыргызстан га кандай кирсе ошондой чыгыш керек.
-2
tolik
2016-10-29 21:22:54
Коррупционерлер акчаны аз дегендери го. Чыгаргылары келбей ошентип коюшту да. Дагы үмүт кылып. Кыргыздар жолоочунун урматтаган улуу элбиз. Урматтуулар Пайгамбарыбыздын үммөтүнө антип ириген оозуңардан,чириген сөзүңөрдү чыгара бербегиле да. Балким бул Алланын кыргыз элине болгон сыноодур.
Аман эсен чыгып кетип көздөгөн жериңе сак саламат жетип ал жолоочу. Себеби Манас атабыздын урпагын уланткан апабыз тажик кызы экенин унутпайбыз.
+4
ms-23
2016-10-29 23:02:24
а бачча
0
Adina9506
2016-10-30 01:51:37
Эх айдочунуда уйундо аман эсендигин кудайдан тилеп балачакасы кутуп аткандыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан