Канат Исаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогрессти" колдогонун айтты

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын экс-лидери Канат Исаев Конституцияны өзгөртүү боюнча маселеде "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларын колдогонун билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" агенттиги жазып чыкты. Маалым болгондой, Исаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы болгон. "Бул маселе боюнча менин пикирим "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресстики" менен дал келди", - деди Исаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-октябрда Канат Исаев "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен өз ыктыяры менен кеткени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан