КСДПнын активдүү мүчөсү Ренат Самудинов билдирүү таратты. Ал өзүнүн кайрылуусунда шаардык кеңешке талапкерлерди бекитүүдө КСДП оюн түз айткан жаштарга орун бербегенине нааразычылыгын билдирген. Ошол себептен ал тизмеден чыгуу чечимин кабыл алганын жарыялады.
Эске салсак, буга чейин КСДПнын дагы бир жаш активисти, депутат Мээрбек Мискенбаев жамаатындагы ички интригаларга нааразы болуп мандатын тапшырган.