ИИМ: "Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адам кармалды"

“16-апрелде кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адамдардын бири кармалды”. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя боюнча: 2010-жылы Бишкек шаарынын бир тургуну милицияга арыз менен кайрылып “чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп Талантбек Мамбеталиев ири суммадагы акчамды алып качып кетти” деп билдирген. Андан соң ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү кызматы иликтөө ишин жүргүзүп, Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1977-жылы туулган жогоруда аты аталган жаранды кармашкан. Тинтүү учурунда анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголгону кабарланды. "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталган бул жаранды сот күнөөлүү деп тапса, ал 3-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан