Тажикстанда кечээ, 29-октябрда дүйнөдө эң бийик таштардын үймөгүнөн салынган Рогун гидроэлектростанциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ньюс" басылмасы жазып чыкты.
Дамбаны куруу үчүн Вашх дарыясы жабылганы белгилүү болду.
"Рогун гидроэлектростанциясынын курулушунун расмий ачылышына өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон, тажик өкмөтүнүн мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, интеллигенция жана жаштар өкүлдөрү катышты. Алардын баары Вахш дарыясы башка нукка бурулганына күбө болушту. Гидроэлектростанция Дүйшөмбү шаарынан 110 чакырым алыстыкта жайгашат. Долбоорго ылайык, ал 6 агрегаттан турат, ар биринин кубаттуулугу 600 мегаваттка барабар", - деп жазган басылма.
Ошондой эле дамбанын бийиктиги 335 метрди түзүп, мындай түрдөгү гидроэлектростанциялардын дүйнөдө эң бийиги болорун маалымдашат. Учурда объектти курууга 15 миң адам, 2100дөн ашуун техника тартылган. Алгачкы агрегат 2018-жылдын аягында иштеп баштаса, экинчиси 2019-жылдын апрель айында ишке кирери белгилүү болду.