Бүгүн борбордук Италияда кайрадан жер силкинди

Бүгүн, 30-октябрда борбордук Италияда кайрадан жер силкинди. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты.

"АКШнын Геологиялык кызматы жер силкинүүнүн күчү 7,1 баллга жеткенин билдирсе, Италиянын Геофизика жана вулканология улуттук институту 6,1 балл болгонун билдирген. Ал эми Европа-орто деңиздик сейсмология борбору 6,6 балл деп жарыялаган. Азырынча жабыркагандар жок. Айрым имараттарга зыян келтирилген", - деп жазган басылма.

Эпицентр 10 чакырым тереңдикте экени белгиленет. Жер силкинүүлөр Флоренция жана Римде да байкалганы маалым болду.

Эскерте кетсек, Италияда бул жумада дагы жер силкинүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
barakcha
2016-10-30 16:22:58
Кудайым сактасын,айттырбай келген жаратылыш кырсыктарынан!
+8
Rifle_I
2016-10-30 16:26:03
Италия да бузулуп кетти. Гейлердин чордонуна айланды.
-3
Ayida
2016-10-30 16:27:23
Аллах сактасын.Бирок эч кайсы кырсык айттырып келбейт
+5
Firdaus-Muslim
2016-10-30 18:02:27
Акыр заман белгилери. Кудайым тилсиз жоодон айттырбай келген кырсык балээлерден өзү сактасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан