Парламенттин 18-апрелдеги жыйынында “Автоунаалардын айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоорун депутат Данияр Тербишалиев демилгелеп чыккан. Анын айтымында, мындай кадам менен бюджетке кошумча каражат алып келүүгө шарт түзүлөт. Мыйзам долбоору кабыл алынса, бардык айдоочулар 100 доллар акы төлөп унааларынын айнектерин караңгылатууга мүмкүнчүлүк алышат.