Бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жаңыдан киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип, күнөөсү сот аркылуу аныкталган мурдагы соттолбогон адамдар да атайын каттоого алынуу менен, алардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө жол берилбейт. Мыйзам долбооруна ылайык, соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата мунапыс жарыяланбайт, ошондой эле башка жеңилдиктер каралбайт.