Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 28-октябрь күнү саат 16:50 чамасында болуп, күчү 4 баллга жеткен. Анын очогу Кыргыз Республикасы менен Кытайдын чек арасына жакын жерде орун алып, Ак-Шыйрак айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Эңилчек айылынан 40 чакырым түштүк-батышта, Каракол шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан