Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата "Атам, апам жана мен. Биз спорттук үй-бүлөбүз" аталышында спорттук-маданий эстафета уюштурду. Иш-чарага облустук милициянын борбордук аппараты, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунан келген үй-бүлөлүк командалар катышкан. Жалал-Абад ОИИБинин маалыматы боюнча, эстафета мүшөк кийип секирип жарышуу, баскетбол, скакалкада секирүү, тапанча чачып куроо, аркан тартышуу боюнча жүрдү. Мындан сырткары кызматкерлердин балдарынын сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.
"Эстафетанын негизги максаты - кызматкерлердин үй-бүлөсүнө майрамдык маанай тартуулоо, дени сак үй-бүлөнү бекемдөө жана кесиптик күжүрмөн даярдыктарын арттыруу. Жыйынтыгында 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын, 2-орунду Ноокен районунун, 3-орунду Жалал-Абад ОИИБинин борбордук аппараты жана Кара-Көл ШИИБинин командасы ээледи", - деп айтылат маалыматта.