Ысык-Көл облусунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 30-октябрь күнү саат 19:40 чамасында болгон. Анда Ауди унаасы каршы тилкеге чыгып, Тойота Хайлендер жана Хонда Цивик үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.
“Ошол учурда Ауди унаасынын айдоочусу мас абалда болгон. Жанында эч кандай документтер болгон эмес. Учурда ал ишенген таанышы бар экенин айтып, коркутуп жатат. Ага мыйзам чегинде чара көрүлсүн”, - дейт Хонда Цивик унаасынын айдоочусу Кубанычбек Эсенгалиев.