2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктайт, анткени 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам Атамбаевге экинчи жолу президент болууга жол бербейт. Демек, бир жылга жетпеген убакытта Кыргыз Республикасынын эли жаңы ажону шайлоого киришет.
Алгачкы күндөн тарта “Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз” деп келген бийлик шайлоонун жакындашы менен аны кайрадан өзгөртүүгө камынууда. Бийлик бүгүн бирди айтып, эртең башкача кадамдарга баруусу кадимки көрүнүш болуп калгандыктан, "Атамбаев деле кайрадан президент болуу аракетин көрбөйт" деп кесе айтуу кыйын. Ошондуктан сиздерге эки түрдүү сурамжылоону сунуштоону туура көрдүк: бирөө Атамбаев менен, экинчиси Атамбаевсиз.
Президенттик шайлоого катышарын азырынча саясатчылар Адахан Мадумаров жана Темир Сариев билдирди. Сурамжылоого талапкер болушу мүмкүн деп коомчулукта аты аталып жаткан башка саясатчылардын да ысымдары кошулду. Тизме экс-муфтий Чубак Жалилов, партия лидерлери Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев жана президенттик аппараттын өкүлү Сапар Исаков менен толукталды. Чубак Жалилов президенттикке талапкер болсо колдоого аларын айткандар көп, ал эми тизмеге жаңы кошулган 3 саясатчы да жарышка аттанышы мүмкүн делгендердин катарында. 17-31-октябрь аралыгындагы сурамжылоодо эң аз добуш алгандыгына байланыштуу Сооронбай Жээнбеков тизмеден алынды.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.
Эскертүү: Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 14-ноябрда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.