Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринен курулуш материалдарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"29-октябрь күнү саат 20:45 чамасында милиция кызматына борбордогу базарлардын бириндеги соода түйүнүнөн белгисиз жарандын курулуш материалдарын уурдаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 65 жаштагы К.О. аттуу жаран кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.