Зордуктоодон кыздарды куткара турган ток тартуучу ич кийим жасалды

Индиянын Ченнаи университетинин студенттери зордуктоо кылмышын азайтуу максатында ток тартуучу ич кийим (труса) ойлоп чыгышты. Маалым болгондой, бул ич кийимди кийип жүргөн кыздын өзүн ток тартпайт, анын денесине бөтөн адамдын денеси тийгенде гана ток тартуу болот. Мындан сырткары кызга кооптуу абал жаралган маалда анын кайсы даректе жүргөнү GPS жабдуусунун жардамы аркылуу милиция кызматына билдирилет. Ал эми бул ич кийим азырынча бир даана, жакын арада масштабдуу өлчөмдө жасалары кабарланууда. Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Индиядан 23 жаштагы кызды автобустун ичинен бир нече адам зордуктап, натыйжада жаракат алган кыз ооруканадан көз жумган.

Индияда зордуктоочуларга каршы ич кийим ойлоп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан