Чүй облусунда унаа уурдоого шектелип 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-октябрь күнү милицияга арыз менен Токмок шаарынын 49 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран түнкү саат 02:30 чамасында Мазда 323 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ш.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.