Казакстандын аймагында кырсыкка кабылган соң Орусияга сапар тарткан Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине жардам сурап кайрылыша элек. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"Алар менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Мага аларды билгендер кайрылганда номеримди берип жатам, бирок мага телефон чалыша элек. Эгерде мекендештерибиз элчиликке кайрылышса, аларга жардам берүүгө даярбыз", - деп билдирди Г.Байымбетова.
Эскерте кетсек, социалдык тармактагы Нуркыз Назаркулова аттуу колдонуучу Москвага бара жаткан автобус Казакстандагы талаалардын биринде кырсыкка учурап, анда Кыргыз өлкөсүнүн 20 жараны жабыркаганын SUPER.KG порталына билдирген. Анын айтымында, оор абалдагы 5 адамды өзбек улутундагы киши Казакстандагы ооруканалардын бирине жеткирген. Жарандар ооруканадан чыгып, Москваны көздөй сапар тартышкан. Н.Назаркулова кырсыктан жабыркагандарга медициналык жана материалдык жардам керек экенин айткан.
Тышкы иштер министрлиги бул окуяны иликтеп жатышканын, Казакстандын органдары бул маалыматты тактай электигин билдирди.