Москвадагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
"9-сентябрда Москвада Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо жана Ички иштер министрликтери менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 27-августта басмаканада каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бүгүнкү күндө 300 миң сомдон компенсация төлөндү. Ошондой эле айлыгын ала албай калган 55 жумушчуга эмгек акылары берилди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жарандары Орусияда патентсиз иштей алышат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, жумушчуларды тартиби менен ишке алуу жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча активдүү иш-аракеттер жасалууда.