Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-апрелде ЖКнын
жыйынында айлык маяналарын ачыктоочу токтомду кабыл алышты. Бул демилгени
депутат Данияр Тербишалиев көтөрүп чыккан. Ага ылайык, эл өкүлдөрүнүн маянасы
жашыруун маалыматтардын катарына кирбей калат. Бул сунушту 80 депутат колдоп,
11и каршы болушту. Эске сала кетсек, 2012-жылы “Демократия жана жарандык коом
үчүн коалиция” бирикмеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысын ачыктоо
талабы менен парламентке кайрылып, бирок жооп болбогондуктан сотко кайрылып, Жогорку Сот райондук жана шаардык соттун
чечимин жокко чыгарып, депутаттардын айлыгы коомчулукка жарыяланбашы керектиги
тууралуу чечим чыгарган.