Ошто баңгизат сатуу менен алектенген адамга кылмыш иши козголду

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Алай РИИБине У. аттуу жарандын баңгизат сатуу менен алектенери тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде, 30-сентябрь күнү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 1963-жылы туулган С.У. кармалган. Анын жанынан 3,7 грамм баңгизат алынган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде Ош шаарынын "ДСУ" ишканасынын жанына жашырылган маңзат (марихуана) табылган. Анын жалпы салмагы 2 килограмм 83 граммды түзгөн", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан