“Манас” аэропортунан жардыргыч зат табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө бүгүн саат 16:15 чамасында белгисиз адамдан маалымат келип түшкөн. Анда “Манас” аэропортундагы учакка жардыргыч зат коюлганы айтылган. Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышкан. Азырынча жардыргыч зат табыла элек”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бул маалыматты аталган аэропорттун басма сөз кызматы да тастыктап, адамдар сыртка чыгарылганын билдирген эле.