Бүгүн, 19-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Матросов, Скрябин, Ахунбаев, Коммунаров, Республика, Ремесленный, Гагарин көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы Космонавттар көчөсүнүн № 1, 4-көп кабаттуу үйлөрүндө, Жайыл районунун Алексеевка айылында, Сокулук районунун Сокулук айылында, Аламүдүн районунун Жогорку Ат-Башы, Гроздь, Дачное, Учхоз айылдарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.