Борбор калаада тоноочулукка шектелип шаар тургуну кармалды

Борбор калаада тоноочулукка шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 21 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал саат 22:00 чамасында Тыныстанов-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен М. аттуу бала күч колдонуу менен баасы 9 миң сомдук уюлдук телефонун жана 2 миң сом акчасын алып койгонун билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан