Борбор калаада дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган Максат Мундузбаев жана Кудурет Жунусов 9-октябрь күнү саат 13:00 чамасында борбордогу Менделеев көчөсүндө жайгашкан үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында эки өспүрүм борбор калаадагы Өчпөс оттун жанынан табылган. Алар Кемин районуна чейин барып келишкени да аныкталган. Учурда балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, бул факт боюнча териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти Октябрь РИИБинен.