19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Талас облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17°C, түнкүсүн +3...+8°C
Баткен облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн +2...+7°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Нарын облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Бишкек шаарында күндүз +11...+13°C, түнкүсүн +2...+4°C
Борбор калаада түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.