Жогорку Кеңештин комитети Конституцияны өзгөртүү үчүн 11-декабрга референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Комитеттин 9 мүчөсү "макул", 1 мүчөсү - Чолпон Жакупова "каршы" деп добуш берди. Эми бул долбоор парламенттин жалпы жыйынында 3-окууда жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Айта кетсек, 19-октябрда парламенттин жыйынында Конституцияны өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айткан депутаттар көп болгон. Өзгөртүүлөрдүн маңызы элге жакшы жашоо тартуулоо эмес, бийлик маселеси экенин айтышкан алар. Өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөп, парламенттик өлкөнүн парламенти алсыз органга айлана турганын белгилешкен.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын демилгеси менен чыккан. Акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” менен “Бир бол” фракциясынын лидерлери баш тартышканын билдиришкен. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан