"Канат Исаевдин "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен кетишине биздин салымыбыз жок, мындай талап да койгон эмеспиз", - деди бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.
"Исаевдин эмне себептен лидерликтен кеткени боюнча маалыматым жок. Аны менен да коалиция түзсөк болмок. Кеп ортобуздагы мамиледе эмес, кеп саясий биримдик жөнүндө. Жеке мамилелерибиз боюнча сүйлөшкөнбүз. Ортобуздагы пикир келишпестик маселеси чечилген. "Өзүңдө болуп жаткан ишти карасаң, ийгиликке жетесиң. Бирөөнүн ишин карап эмне кыласың?" деген жакшы сөз бар го..." - деди Бабанов.