"Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, Эркиндик бульварындагы тротуарларга капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Бульвардын Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү, узундугу 1734 чарчы метри оңдолду. Тротуарлар төшөлүп, ирригациялык арыктар жана тротуардык жээк таштар орнотулду. Азыркы учурда Токтогул көчөсүнөн Линейная көчөсүнө чейин узундугу 900 чарчы метр жерге асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Оңдоо иштерин 2016-жылдын 5-ноябрына чейин бүтүрүү пландалууда.
Эскерте кетсек, окурман SUPER.KG порталына аталган бульвардын тротуары оңдолбой жатканы тууралуу 2 ай мурун кабарлаган.