Бразилиянын Парана штатында жол кырсыгы болуп, 20 адам каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 1-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшүп кеткен соң өрт чыгып, 2 унааны тең толугу менен жок кылган. Жыйынтыгында 20 адам курман болуп, 9 киши ар кандай жаракаттарды алган. Автобустагы 30 кишинин айрымдары жергиликтүү оорукананын бейтаптары болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.