Түркиянын Анталия шаарында 9 адам "кыргыз кыздарын сойкулукка мажбурлаган" деген шек менен кармалды. Мындай маалыматты кечээ, 31-октябрда түркиялык басылмалардын бири жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Анталиянын Манавгат аймагында 9 адам "Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын жараны делген 30 кыз-келинди сойкулукка мажбурлаган" деген шек менен кармалган. Алардын экөө аялдар. Кылмышка шектүүлөрдү издөө операциясы былтыр май айында башталган. Ал убакыттын ичинде полиция кызматкерлери бир катар мейманканаларды жана үйлөрдү тинтүү ишин жүргүзүшкөн.