Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган жаран кармалды

Бишкекте “Ооганстандын өкүлүнүн унаасына ок аткан” деп шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу

18-апрелде Бишкек шаардык ИИББи билдирди. Маалыматка ылайык, 17-апрелде шаардагы Пудовкин - Достук көчөлөрүнүн кесилишинде бара жаткан Лексус RX-300 үлгүсүндөгү чет элдик номердеги унаа БМВ-525 үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Окуядан кийин БМВ унаасынын 28 жаштагы С.Айбек аттуу айдоочусу Лексус унаасын көздөй ок аткан. Бишкек ШИИБинин кызматкерлери кылмыш болгон жерге келишкенде, Лексус унаасынын айдоочусу оогандык жаран экендиги белгилүү болду. Ал өз күнөөсүн моюнга алып, абалды кызын ооруканага шашылыш алып бара жатканы менен түшүндүргөн. Ал эми С.Айбек аттуу жаран алып жүргөн тапанчаны текшергенде тийиштүү документтери жанында болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан