Москвада "кичинекей кызды өлтүргөн" деп кармалган Гүлчехра Бобокулованы сот залына алып келе албай жатышат

Москвада "4 жаштагы кызды өлтүргөн" деп кармалган өзбекстандык Гүлчехра Бобокулованы дары-дармектерден улам уйкудан ойгонбой жатканына байланыштуу сот залына алып келүү мүмкүн болбой жатканын ТАСС басылмасы бүгүн, 1-ноябрда жазып чыкты.

"Бобокулова кармалып турган жайдын ооруканасынын башчысынын айтымында, соттолуучу ага берилген дарылардан кийин ойгоно элек. Андыктан сотко жөнөтүү мүмкүн эмес", - деп айткан соттун басма сөз катчысы Ольга Лицарева.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 29-февралда Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын ата-энеси кеткен соң аны өлтүрүп, үйдү өрттөп жибергени маалым болгон. Экспертиза Бобокулова психикалык жактан ооруй турганын аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KaiMak
2016-11-01 16:42:19
Озун озу билбегенден кийин...Соттун керекги деле жок болсо керек го дейм...Акталып чыгып баары бир жакшына жашай албайт да...Бул да кудайдын бир сыноосу
+5
batsam
2016-11-01 17:16:38
Мен бул окуяны атайын жасатышкан деген версиясында угуп журом. Тиги аялга спайстан чектирип Кукланын башын карматып койгон, эгер чындыгында жаш бала болсо интернеттен бетин корсотмокда, канча киши соткасына тартып алган баары эле бетин жаптыртып интернетке жуктобойт да деген версиясында кээде-кээде угуп калам. Башкы максат мигранттарды тазалоо болгон деп. Албетте бир гана кудай билет чындыкты.
+7
simone
2016-11-01 18:44:44
batsam,туура айтасыз, менда уккам ошентип, сасык саясаттын оюну деп.
+5
madiyar1
2016-11-02 00:39:26
batsam,
Сумкасынан чыкан баланын башы точна аны баары коргон.
Калганы жалган версия болушу мумкун!
+1
bond0202
2016-11-01 21:40:00
бул окуянын негизги максаты эмне экени билинип эле калды тушунгон адамга,эгер чындап ушундай кылмыш кылган адамды мындай эркелетпесе керек эле жун баш туугандар
+3
altyshka_23
2016-11-02 09:23:19
Олтуруп койушпады бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан