Парламент башкы прокурордун бир жылдык отчётун канааттандырарлык деп тапты
Парламент Башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты
Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште бир жылдык отчётун берүүдө
18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун 2012-жылы жүргүзгөн иши тууралуу отчёту угулуп, жыйынтыгында
отчётту канааттандырарлык деп баалашты депутаттар. Башкы прокурор Аида Салянованын берген маалыматына
караганда, прокуратура органдарынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу алдын ала белгиленген артыкчылыктуу
багыттарга таянуу менен жүргүзүлгөн. Алсак, 2012-жылы аткаруу жана жергиликтүү бийликтердин ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө
иретинде 6136 текшерүү
же 2011-жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга көп жүргүзүлгөн.
Текшерүү жыйынтыгы боюнча 494
кылмыш иши козголгон. Талкууда депутаттар буга чейинки прокуратура
кызматынын ишине салыштырмалуу канааттандырарлык иштер жасалып жаткандыгын,
ошол эле маалда иш болуп жаткан жерде кемчилик да коштолорун белгилешти. Жыйынтыгында
депутат Тынчтык Шайназаровдун башкы прокурор Салянованын отчётун бекитүү
жана Башкы прокуратуранын ишин канааттандырарлык деп табуу боюнча
сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин
токтому кабыл алынды.