Чүй облустук ооруканасы Түштүк Кореядан келген дарыгерлерге орун бөлбөй жатканын тургундар SUPER.KG порталына кабарлашкан.
"Бүгүн, 1-ноябрда Кореядан келген дарыгерлер элди бекер дарылайбыз дешсе, Чүй ооруканасынан орун берилбей жатат. Алар бизден кетпей турууну суранышканына карабай Чүй облустук бейтапканасынын директору "эч кимди карабайт, алып келген дарыларын бизге калтырып кетишет" деп элди таратып жиберди", - деди тургун.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусунун координатору Элмир Асылбеков кореялык дарыгерлердин элди бекер дарылоосу боюнча туура эмес маалыматтар тарап кеткенин, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.
“Кореядан келген дарыгерлер кийин кызматташуу үчүн биздин ооруканаларды карап жүрүшөт. Андан ары меморандумга министрликтер менен кол коюп иштешебиз. Эртең келип дарыларды берип кетишет экен. Бүгүн жолугушуу болуп, ар бир бөлүмдү көрүп кетишти. Азырынча 3 дарыгер келди”, - деди Асылбеков.