18-апрелде өкмөттө Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгын өткөрүү боюнча жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө быйылкы жылга карата белгиленген мааракелик иш-чаралардын планы жана уюштуруу комитети бекитилди. Анын негизинде апрель айынын соңуна чейин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимий-практикалык конференция жана китеп көргөзмөсүн өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгына карата анын чыгармаларынан турган китеп чыгаруу белгиленди. Белгилей кетсек, Эсенгул Ибраев Нарын районундагы Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган. Акынга 1994-жылы “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, 2001-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” наамдары берилип, 2002-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын лауреаты болгон. 2006-жылы “Насыят” китебине Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган. Анын “Бөбөгүм”, “Таң шоокуму”, “Шаркыратма”, “Эңсөө” жана башка ырлар жыйнагы жарык көргөн.