Орусиянын Москва шаарында жайгашкан "Шереметьево" аэропортунда Кыргыз Республикасынын жараны уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кечээ, 1-ноябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Рязань шаарынын тургуну Ички иштер министрлигинин аталган аба майданындагы нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, 6 миң рубль акчасы жоголуп кеткенин айткан. Анын айтымында, ал аэропорттогу бекетте жайгашкан кафелердин бирине сумкасын унутуп койгон. Бир аздан кийин кайра кайтып келгенде сумкасындагы акчасын таппай калган.
"Издөө иш-чараларынан кийин полиция кызматкерлери камераларда жазылып калган видеолорду колдонуп, шектүү катары 42 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранын кармап, андан уурдалган акчаларды алышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.