Президент Улуу жеңиштин 68 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү тууралуу буйрукка кол койду

18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин жеңишинин 68 жылдыгын жалпы улуттук майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Буйрукка ылайык, КРнын Өкмөтү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, 1-майга чейин Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-Майга карата ар жылдык бир жолку кошумча акчалай жөлөк пулду төлөп берүүнү камсыз кылуу, майрамдык иш-чараларды каржы жана уюштуруу жагын камсыз кылуу маселелерин чечүүгө милдеттендирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан