Орусиянын чек арасынан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жаранына айып салынды

Орусиянын чек арасынан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жаранына айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2016-жылы 28-сентябрда 27 жаштагы жаран А.Турдакунов Орусиядан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган. Чек арадагы "Озинки" өткөрүү пунктунан өтүп жатканда ал жасалма паспортту көрсөткөн.

"Бул окуя боюнча Саратов облусунун Озинск районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, А.Турдакуновго 10 миң рубль айып салынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chyngyz2012
2016-11-02 10:23:12
Мурда россияга барган бекен
0
MAN-CITY
2016-11-02 10:28:19
chyngyz2012,Барганга окшойтко, россиядан казакстанга отууго аракет кылган дегенине караганда.
0
Arslan12
2016-11-02 11:38:26
Жакшы дагы 1-2 жылга кесип жибербептир!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан