"Манас" аэропортундагы жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жарандын баш коргоо чарасы бүгүн каралат

"Манас" аэропортунда жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жарандын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына УКМКдан билдиришти.

Буга чейин ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган болчу. Аялынын учуп кетүүсүнө тоскоол болуу үчүн жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген 1986-жылы туулган Е.Илья аттуу жаранга "терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жардыруулар, адам өлүмүнө алып келүүчү башка иш-аракеттер тууралуу жалган маалымат тараткандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Айта кетсек, Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө 31-октябрь күнү саат 16:15 чамасында белгисиз адамдан маалымат келип түшкөн. Анда “Манас” аэропортундагы учакка жардыргыч зат коюлганы айтылган. Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышкан. Аэропорттун ичиндеги адамдар сыртка чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sarana
2016-11-02 11:26:33
ХХХ десе канча адамды убара кылды. Аялына созу отпогон ХХХ.
0
admin_portal
2016-11-02 11:33:55
Sarana, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
-1
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-02 20:22:46
Ххххсы неси
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан