Өткөн суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2 жана Нарын облусунда 1 тилсиз жоо катталды. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында жайгашкан “Келечек” балдар бакчасынан өрт чыгып, 10 даана уктоочу керебет күйүп кетти. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар катталган жок.